Борбор калаада Азия Чыгармачыл Айымдар Фонду даректүү тасмалардын режиссурасы боюнча II курсун баштайт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, режиссердук курс жумасына 3 жолу 2 сааттан болот. Курска кабыл алуу 5- апрелден 25-апрелге чейин созулат. Ага 20 жаштан жогору баардык каалоочулар келе алат.
Курстун программасы:
- Даректүү тасманын негизи жана режиссурасы
- Даректүү тасмадагы оператордук чеберчилик
- Даректүү тасманын драматургиясы
- Монтаж
Ошондой эле курс учурунда дүйнөлүк жана улуттук даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Курстун соӊунда ар бир катышуучу темасын тандап, изилдеп жаӊы тасма тартат.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]»Даректүү тасмалар боюнча режиссердук курска баарлашуу Кыргыз фильм киностудиясынын 3-кабатында жүргүзүлөт» [/ads-quote-center]