УКМК экс-президент Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу билдирүү таратты

Автор -
730
Сүрөт: president.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч түзүмдөрү атайын операция өткөргөнү тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалымат.’]»Таш-Мойнок айылында эч кандай атайын операция өткөрүлгөн жок. УКМК мындай «фейк» маалыматтын таратылышын бузуку күчтөрдүн коомчулукту адаштыруу аракети катары баалайт» [/ads-quote-center]

Мындан улам, Коопсуздук кызматы бул маалыматты тараткан адамдардын өздүгүн тактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

УКМК КР мыйзамы боюнча жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.