Аксыда 25 жаштагы жигит дарыяга чөгүп кетти

Автор -

Аксы районунда 25 жаштагы жигит дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 2-апрель күнү Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин улантуу максатында саат 06:40та КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Аксы райондук №70 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу,жалпы ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБнен 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 19:50дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 4-апрель күнү издөө иштери улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү