Украинада президенттикке талапкер куудул, актёр Владимир Зеленский өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенкону Киевдеги «Олимпийский» стадионуна дебатка чакырды. Ал өз чакыруусун Facebook баракчасына жүктөгөн.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирген ал.’]«Мен Петр Порошенкого кайрылам, сиз мени дебатка чакырып келесиз, мени качып, дебатка келбей коет деп кыядалгансыз. Бирок мен 2014-жылдагы сиз эмесмин!»[/ads-quote-center]Ошону менен бирге ал дебат алдында медициналык экспертизадан өтүүнү билдирди. Ал өлкөгө аракеч, баңги заттын колдонгон эмес ден-соолугу чыӊ президент керек экенин баса белгилеген.
Ал эми бул чакырууга Порошенко; «Негизи дебат Улуттук каналда түз эфирде өткөрүлүшү керек. Бирок стадионго чакырсаӊыз, ал жерге деле барам»,- деп жооп кылды.































