Депутат: Майыптардан бир нерсе үмүт этмей жосундардан азыртан арылыш керек

Автор -

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында Медицалык комиссия бар. Бул комиссия өлкөдөгү эӊ коррупциялашкан мекемелердин катарына кирет. Анын өзүмбилемдигинин айынан көптөгөн майып адамдар жөлөкпулдарын өз маалында ала албай, ашыкча убара болууда. Муну азыртан токтотуш керек. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди эл өкүлү.’]«Майып адамдар жөлөкпул алуусун улантуу үчүн эки-үч жылда бир жолуп Медицалык комиссиядан өтүп турушу керек экен. Ушунун канчалык кереги бар? Мисалы, тубаса майып адамдар медициналык кароодон бир жолу гана өтсө жетиштүү да. Мисалы, буту кесилген адамдын жыл сайын кароодон өткөрүүнүн канчалык зарылдыгы бар. Эмне, кесилген бут бир жыл ичинде кайра өсүп калабы? Майыптардан бир нерсе үмүт этмей жосундардан азыртан арылыш керек»[/ads-quote-center]