Тажикстанда жол кырсыгынан алты киши өлүп, дагы сегизи жаракат алды

Автор -

Тажикстандын Хатлон облусунда жүк ташуучу «Урал» автоунаасы кырсыкка учурап, алты киши каза болуп, дагы сегизи жаракат алды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, кырсык 8-апрелде Дошманди кыштагында болгон. Учурда жаракат алган адамдардын абалы оор экени жана алардын бирөөсүнө операция жасалганы кабарланууда.

Кырсыкка күбө болгон жергиликтүү тургундардын айтымында, автоунаа дөңсөөгө чыга албай артка жылып барып оодарылып кеткен.

Дошманди айылына бара турган бул жолдогу кырсыктардан жылына 1-2 адам каза болорун айткан жашоочулар бул окуядан кийин бийлик жаңы жол курууга киришет деген үмүттөрүн билдиришти. Алардын айтымында, айылдагы жолдордун абалы өтө начар болгондуктан, алар аркылуу «Урал» жана «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунаалар гана жүрө алат.

Бөлүшүү