Ырчы Алла Пугачеванын «тыюу салынган» клиби интернетке чыкты (Видео)

Автор -
952

Интернет желелерине ырчы Алла Пугачеванын 1984- жылы тартылган «Айсберг» атту клиби чыкты. Убагында дал ушул клипти көрүүгө «тыюу салынып», ал өчүрүлгөн эле.

YouTube  каналга 14-апрелде чыккан клип эки күндө 1 млн ашуун жолу көрүлүп, кызуу талкууга алынды.

Клип алгач тартылып коомчулукка тартууланганда ырчыны «жеӊил ойлуулукка» айыптап, ал катуу сынга кабылган.