Бакыт Төрөбаев Ош шаардык жаштар парламенти менен жолугушту

Автор -
345

Кечээ, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ош шаардык жаштар парламентинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда коомдогу жаштардын ролу жана алардын өлкө үчүн жасай турган иштери тууралуу сөз болду.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев алгач жаштарга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, мамлекеттин келечеги үчүн үч бийлик бутагы бирдей аракет көрүүсү керектигине токтолду. Ошондой эле депутат “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын шайлоо алындагы берген убадалары жөнүндө кеп салып, алардын көпчүлүгү ишке ашырылганын белгиледи.

Муну менен катар жаштарды жакшы окууга жана койгон максаттарына карай тынбай эмгектенүү менен кадам жасоого чакырган Бакыт Төрөбаев: “Мамлекеттин келечеги силердин колуңарда. Андыктан, талыкпай изденүү менен заманбап окуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангыла. Көйгөйдү көрүү менен гана чектелбей, анын чечүү жолун да сунуштай алган мыкты адис катары калыптангыла”, – деди.  

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, жаштар парламентинин мүчөлөрү депутатка саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелерге байланышкан суроолорун узатышты.

Белгилей кетсек, Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар парламенти түштүк калаадагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жаштардын катышуусун камсыздап келет. Жыл сайын жаш депутаттар тарабынан көптөгөн социалдык долбоорлор ишке ашырып, өз жемишин берүүдө.