Бүгүн, 17-апрелде Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кезектеги соттук отуруму болуп өттү.
Отурумдан кийин соттолуучулардын тарапташтары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты.
Милиция кызматкерлери Албек Ибраимовду тууганы менен кездешүүсүнө уруксат бербегендиктен, ортодо чыр чыккан. Бир топ убакыттан кийин кездешүүгө уруксат беришкен.