Өкмөт башчы Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк бажы уюму ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, биздин өлкө кызматташтыктын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багыт алган, буга байланыштуу Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташуу стратегиясынын долбоору иштелип чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Бишкекте Дүйнөлүк бажы уюмунун Аймактык окуу борборунун ачылышы Кыргыз Республикасынын гана эмес, жалпысынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч-аракетти колдоого алуунун жана ага көңүл бурулуп жаткандыгынын далили катары саналат.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бардык тармактарды, анын ичинде бажы кызматын да санариптештирүү   боюнча кабыл алынып жаткан күч-аракеттерди эске алуу менен, мындан ары карай өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Белгиленгендей, аталган багытта Өкмөттүн максаттары Дүйнөлүк бажы уюмунун максаттарына дал келип, кызматташтыкты өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн жакшы негизди түзөт.

Бөлүшүү