Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жакшы билебиз, аны толтуруунун кошумча булактарын караш керек. Ушу тапта өлкөнүн рекультивация фондунда 2,5 млрд сомдон ашуун каражат топтолуп калыптыр. Ал каражат кен казылып бүткөндөн кийин колдонулат. Эгерде аны депозитке койсок, жүздөгөн миллион сом кошумча каражат түшмөк. Өкмөт бул маселени ойлонуп көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Жер казынасын иштеткен компаниялар рекультивация фондунун эсебине акча которушат, ал каражат азырынча кыймылсыз турат. Ошондуктан, азыр аны көбөйтүү жагын ойлонушубуз керек. Эгерде биз 2,5 млрд сомду 13 пайыздуу үстөгү менен депозитке койсок, мамлекеттик бюджетке түз инвестиция түрүндө 325 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат табат элек. Ал каражатты мектептер менен бала бакчаларды куруу багытында да колдонсок болот»[/ads-quote-center]КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА ДҮЙНӨДӨ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА БОЖОМОЛДОР КАНДАЙ
29-ноя. 2021, дүйшөмбү
Улуттук банк чуусу: Фроловдун бийлик менен байланышы
01-окт. 2021, жума
Депутат Самат Ибраевдин баласы компанияларга 500 миллион сомдон ашык карыз
01-окт. 2021, жума
Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек
30-Sep 2021, бейшемби
Сания Токтогазиева Telegram каналына чабуул болгонун жазды
30-Sep 2021, бейшемби
Кыргызстан мусулмандарын ким радикал кылып жатат?
26-фев. 2021, жума
Таласта уулун куткарам деген апа өзү кошо көлмөгө чөгүп кетти
15-фев. 2021, дүйшөмбү
Экс-муфтий элге кайрылуу жасады (видео)
15-фев. 2021, дүйшөмбү