Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөрдү. Ага ылайык партиянын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн жана партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) катары Эркиндик 45 дареги жазылган.
Министрликтин басма сөз кызматы буга байланыштуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди. Анда 5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөнү айтылат.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген»[/ads-quote-center]Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргенин билдирди.
Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келет. Алар 3-апрелде «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп Бишкекте курултай өткөргөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны фейк-съезд деп атаган.