Бишкектин 32 аймагында 23-апрелде таза суу өчүрүлөт (тизме)

Автор -
245

Бишкектин айрым аймактарында 23-апрелде эртең мененки саат 09:00дөн 18:00гө чейин  таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таза суу «Батыш-2» суу кампасында аткарыла турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

  1. Фучик, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен чектешкен аймак;
  2. №31, 13, 8, 2 орто мектептери;
  3. №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 бала бакчалары;
  4. Калык Акиев көчөсүндөгү №73 бала бакча;
  5. №3 бала бакча;
  6. «Балдарды коргоо» борбору;
  7. «Арпа» ААКы;
  8. «Ош» базары;
  9. «Берекет Гранд»;
  10. «Берекет Универсал» соода комплекстери;
  11. «Берекет»;
  12. «Берекет» ЖЧКсы;
  13. Улуттук илимдер академиясы;
  14. Улуттук банк;
  15. №2 төрөткана;
  16. Бишкек троллейбус башкармалыгы;
  17. №1 шаардык клиникалык оорукана;
  18. Некрасов көчөсүндөгү «Бишкекункомбинаты» ААКы;
  19. ВЧ-4 УГПС;
  20. Ленин райондук администрациясы;
  21. УПП-2 ОСиГ;
  22. Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
  23. «Кыял» бирикмеси;
  24. Кыргызстан эл аралык университети;
  25. Батыш РЭС;
  26. Жаш Гвардия бульварындагы Республикалык радиотелеборбор;
  27. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультети;
  28. Ленин райондук соту;
  29. №100 лицейи;
  30. Бөкөнбаев көчөсүндөгү Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз энциклопедиясы;
  31. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы;
  32. №2 стоматология.
Бөлүшүү