Купулга толбогон, элдин ишенимине ээ болбогон ѳкмѳттү неге президент калкалап жатканын билүү максатында экс-вице премьер министр Камила Талиеваны кепке тарттык.
— Камила эже, неге президент парламентке келип, ѳкмѳткѳ депутаттардан аванс алып берүүгѳ ашыкты? Ажо ѳзү келбесе ѳкмѳт отставкага кетээрин билип, ошол жагдайдын алдын алууга аракет кылдыбы?
— Президенттин Жогорку Кенешке келип, ѳкмѳткѳ аванс суроосу ѳтѳ калпыстык болуп калды. Андан да зарыл болгон элдин жыргалчылыгы, элдин жашоосун жакшыртуу, мамлекеттин коопсуздугу, чек ара кѳйгѳйлѳрү боюнча курч маселелерди чечпеген ѳкмѳткѳ жан тартып, аны депутаттарды колдоого аргасыз кылбаса болмок. Тескерисинче президент ѳкмѳттү сынга алып, келечек программалар, радикалдуу реформалар боюнча маселени кабыргасынан коюп, анан баш мыйзамдагы укугунан чыкпай иш кылууну талап кылса жакшы болмок. Чынын айтыш керек. Президент ѳкмѳткѳ арачы түштү. Болбосо ѳкмѳт 2018-жылкы жалпы кѳрсѳткүчтѳр, ишинин начардыгы менен эле отставкага кетируу коркунучу күн тартибинде турган иш болчу. Президент парламентке шашылыш келип, ошол жагдайдын дагы алдын алды окшойт. Ажонун мындай кадамын Жогорку Кенештин алсыз абалынан туздѳн-туз пайдалануу десек да болот.
-Мухаммедкалый Абьлгазиевди президент неге калкалап жатат?
— Менимче, президент аны ѳзүнүн командасындагы эң ишеничтүү адам катары эсептейт, бирок аны убакыт ѳзү тастыктайт. Абылгазиев бир аз убакыт мурда эле Атамбаевдин эң жакын кишиси болчу, бул ишенимге кирүү» таланты боюнча эч ким бул кишиге жетпесе керек… Аман болсок, эртең кимдин «короосуна» кире качаарын кѳрѳбүз. Буюрса, аны убакыт кѳрсѳтѳт.
— Премьер-министрдин экономиканы кѳтѳрүү боюнча дымактуу пландары ишке ашабы же кѳп убаданын бириндей болуп кагаз жузундѳ гана калабы?
— Премьер-министрдин отчетуна караганда, дуйнѳдѳгү эң бактылуу мамлекетти куруп койгон Абылгазиевге Бали дегиң келет экен. Элдин реалдуу жашоосун жакындан билбей, чыныгы маалымат менен да камсыз болбой калганы ачык кѳрүнүп турат. Элге барбай, кабинетте аппарат даярдап берген отчет менен эле жашап калган окшойт… Сыртта экономикалык башка кѳрсѳткүч, жѳнѳкѳй мисал элдин турмуш абалы жакшырып кеткен жок. Дымактуу пландар, амбициялуу ойлор жакшы, бирок аны ишке ашыруу негизги маселе да. Казынада каржы жок, баарын калчаган акча жок ишке ашпайт. Жумушчу орундар түзүлбѳсѳ, элди жумуш менен камсыз кылбаса кайдагы дымак?.. Быйылкы жылы мамле-кетке келген инвестициянын денгээли нел болсо кайсы дымак?.. дүйнѳлүк кризис бизди да муунтуп, ѳлкѳнүн абалы кѳз кѳрүнѳѳ эле экономикалык тунгуюкта турганда, мамлекетке ыкчам, цифраны чемичкедей чаккан, тыйындан тыйын туудура билген экономист, адис жетекчи керек бүгүнкү күнү. Андай адистер бар, уучубуз куру эмес. Маселен, аталган кызматка Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Бабанов, Келдибековдой адистер так ошол кызматка барса, иш жүзүндѳ бир кардиналдуу ѳзгѳрүүлѳр кагазда эмес, реалдуу жандануулар болмок…
— Ѳкмѳттүн оозун толтуруп берген отчёту Кыргызстандагы реалдуу турмушка караандайбы?
— Ѳкмѳттүн ишин баалоо үчүн негизги кѳрсѳткүч болгон, элге канча жумушчу орун түздү, элдин ишенимине татыдыбы, социалдык кѳйгѳйлѳр жакшырдыбы деген эле критерийлер менен баалап койсо болот. Региондор ѳнүксѳ, ѳкмѳттүн иши купулга толмок. Бүгүнкү күнү ѳкмѳттүн берген отчё-ту кагаздагы эле «жомок жашоону» чагылдырып жатат. Анткени реалдуу турмушта жашоо деңгээл башка. Элдин үнүн уккан эч ким жок, куч тузумдѳрүнүн баары, бүгүн карателдик органга айланып алды. Ачык нааразычылык билдирген элди коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу сыяктуу эски ыкмалар менен эле алек. Анан кантип элге кам кѳргѳн Ѳкмет деп атайбыз.
— Камила эже, Мухаммедкалый Абылгазиев мурунку премьер-министрлерден эмнеси менен ѳзгѳчѳлѳндү?
— Эмнеси менен ѳзгѳчѳлѳнѳт эле, албетте, тил алчаактыгы менен ѳзгѳчѳлѳндү деп ойлойм.
– Ѳкмѳттүн алсыздыгынан элдин бийликке болгон ишеними азайды дегендер бар. Бул пикирге кошуласызбы?
— Элдин ишенимине кирүү үчүн а дегенде кардиналдуу ѳзгѳрүүлѳргѳ батыл баруу керек. «Ыкчам иштеп, ыкшоо болуп бир жыл анализ менен отурдук. Эми иштейбиз» — деп ѳкмѳт башчы ѳзү айтып жатса ага ким ишеним артат? Элдин ишеними артты деп, элдин бүгүнкү жашоо деңгээлин билбеген киши гана айтса керек. Менимче элдин ишенимине ээ боло турган Ѳкмѳт булар эмес…
Булак: «Фабула » гезити. 19-апрель, 2019-жыл