Кыргыз күрөш боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Автор -
388

Кыргыз күрөш боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги билдирди.

Белгилей кетсек, 15-апрелден 16-апрелге чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш боюнча чемпионаты өттү.

Чемпионаттын ачылыш аземине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Айбек Ажигулов, КРнын Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамшиев катышты.

[ads-quote-center cite=’деди Айбек Ажигулов.’]«Кыргыз күрөш ата-бабаларыбыздан калган оюндардын бир түрү. Биздин күчтүү балбандарыбыздын арты менен бул спорттун түрү өнүгүүдө. Спортчулар бардык мелдештерде мыкты көрсөткүчкө жетишип келе жатышат. Буга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары далил боло алат – бардык салмактык категорияда биздин спортчулар алдыңкы орундарга ээ болушкан. Спорт сүйүүчөлөрүн жана чемпионаттын уюштуруучуларын мелдештин ачылышы менен куттуктайм жана балбандарга калыс спорттук мелдешти, мыкты көрсөткүчтөрдү каалайм»[/ads-quote-center]

Ошондой эле, Рыскелди Шамшиев машыктыруучуларга ыраазычылыгын билдирип, алардын эмгеги аркылуу кыргыз күрөш эл аралык деңгээлге чыкканын белгилеп өттү. Федерациянын президенти чемпионатта болочок кыргыз күрөш боюнча Азия чемпиондору күч сынашып жатканына ишеничин билдирди.

Чемпионатта Бишкек жана Ош шаарларынан, республиканын региондорунан 300гө чукул спортчулар катышты.

Байгелүү орундардарга ээ болгон спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө «Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш боюнча спорт чебери» наамы ыйгарылды.

Чемпионаттын жыйынтыктары:

 55 кг

1-орун – Базарбек уулу Эламан – Токтогул КГТ

2-орун – Осмоналиев Мансур – Ысык-Көл

3-орун – Анарбеков Бейбарс – КАФ Мадниц

60 кг

1-орун – Суйунбеков Тыныстан – Токтогул КГТ

2-орун – Сыдыгалиев Марат – УВД Талас

3-орун – Алымкулов Сыймык – СУТОБ

66 кг

1-орун – Нурказым уулу Асанкелди – СУТОБ

2-орун – Макулбеков Таалайбек – СКАФ

3-орун – Алтынбек уулу Бексултан – Эмгек резерв

74 кг

1-орун – Аманов Санжарбек – СКАФ

2-орун – Шамшидин уулу Кененбек – СУТОБ

3-орун – Джакенов Арген – Эмгек резерв

84 кг

1-орун – Кожомуратов Бектуркан – СКАФ

2-орун – Идирисов Баястан – СУТОБ

3-орун – Мусабек уулу Азизхан – Ысык-Көл

96 кг

1-орун – Тажыгул уулу Байышбек – Эмгек резерв

2-орун – Алик уулу Исламбек – Эмгек резерв

3-орун – Куручбек уулу Уларбек – СК Москва

+96 кг

1-орун – Куралов Тилек – СУТОБ

2-орун – Алмазбеков Орозбек – КГТУ

3-орун – Жунусов Кумар – Баткен