Москвадагы тергөө абактардын биринин алдында Тажикстандын жараны уурдалды. Белгисиз адамдар Рудаки районунун 45 жаштагы тургуну Дилшод Сатторовду күчтөп автоунаага отургузуп алып кетишкен.
Анын айтымында, бир жыл мурда агасы Сириядагы согушка катышкан деген шек менен кармалып, тергөө абагына камалган.
[ads-quote-center cite=’деди Мухаммадшариф.’]«Былтыр Тажикстандын Башкы прокуратурасы Москвага кайрылып, Дилшодду камакка алууну өтүнгөн. Тажикстанда агамды жалданмачылык беренеси менен айыптап жатышат. Бир жылдан кийин ал бошотулары менен уурдап кетишти»[/ads-quote-center]Тажикстан жаранынын Москвада уурдалгандыгы тартылган видео интернетке жарыяланды. 18 секунддук тасмада бир нече адам Сатторовду күчтөп автоунаага отургузуп жатканын көрүүгө болот. Четте карап турган полиция кызматкерлери бул окуяга кийлигишкен эмес.
[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Бийлик Дилшод жарым жыл «Ислам мамлекетинин» Сириядагы машыгуу базасында жүргөн деп айтып жатат. Бул жалган. Агам эч качан Сирияга барган эмес. Биз жергиликтүү базарда иштечүбүз. Аялы экөө товар алып келүү үчүн Түркияга эки-үч күнгө гана барып келишкен. Аялы Орусиянын жараны, алардын алты баласы бар»[/ads-quote-center]Тажикстандын Ички иштер министрлиги Дилшод Сатторовдун кармалгандыгы жана мекенине ыктымал экстрадициялангандыгы тууралуу маалыматтарды ырастаган дагы, төгүндөгөн дагы жок.
Азырынча Дилшод Сатторовдун кайсыл жерде экендиги белгисиз. «Мемориал» укук коргоо борборунун кызматкери Бахром Хамроев тажик жараны мекенине экстрадицияланган деп эсептейт. Анын айтымында, буга чейин да тажик бийлигин сындаган адамдар уурдалып, тарыхый мекенине экстрадицияланган учурлар болгон.