Бишкектеги көп кабаттуу батирдин ичинен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү саат 21:35де КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү №93 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 1978-жылы туулган И.В. аттуу эркек адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.