Бишкектеги батирлердин биринен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Автор -

Бишкектеги көп кабаттуу батирдин ичинен  41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  22-апрель күнү саат 21:35де  КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү №93 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1978-жылы туулган И.В. аттуу эркек адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү