Кыргызстандын Бажы кызматы менен Салык кызматы өтө коррупцияланган мекемелердин сап башында турат. Алтургай, аларда көмүскө схемелердин көп экени Россияда да айтылууда. Өкмөттө коррупциялашкан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчиги каралды беле? Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда ушундай собол салды.
[ads-quote-center cite=’дейт Кенжебек Бокоев.’]“Эгерде алардын жоопкерчилиги каралбаса, анда катуу чараларды көрүү керек. Коомчулуктун көзүн будамалоо үчүн эле 2-3 аткаминерди атап койдуӊар окшойт. Алардын аты-жөнүн так атап, кайсы күнөөсү үчүн кандай жоопкерчиликке тартылганы токтомдо толук камтылууга тийиш. Ансыз декларативдүү түрдө гана кабыл алынган документтердин бири болуп кала берет”[/ads-quote-center]Депутат Кыргызстандын энергетика тармагында таркан чыгымдарын эске салды.
[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады ал.’]“Биз кардарларды издебей эле, баарын бир монополистке берип койдук. Ошондон улам, Казакстандан арзан күйүүчү майды импорттой албай, ашыкча чыгымга кириптер болуп отурабыз”[/ads-quote-center]