Өкмөттүн ишеничин актабады: ЖКда канча атка минер кызматынан бошотулганы айтылды

Автор -
266

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканды, өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы өкмөт курамына калктын ишеними кыйла төмөн экенин моюнга алды.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Азыр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга чейин төмөндөдү, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Демек, мындан Өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иш менен алпурушуп жатканы байкалып турат»[/ads-quote-center]

Андан тышкары, Премьер-министр өз милдетин жөндөй албаган министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринен кутулуп жатканын белгиледи.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.’]«Албетте, биз кадрдык көйгөйлөрдү моюнга алабыз, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ошондон улам, өткөн жылы 6 министр, 13 мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулду»[/ads-quote-center]