Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында 9 айлык баланын кызыл өңгөчүнөн төөнөгүч операциясыз алынды. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыровго шилтеме берип, Turmush.kg агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бала Баткенден 22-апрель күнү келип түшкөн.
[ads-quote-center cite=’деди Кадыров.’]«Кадамжайлык 9 ай 11 күндүк бала бешикте көз мончок менен ойноп жатып, анын төөнөгүчүн жутуп алган. Төөнөгүч ачылып, баланын кызыл өңгөчүнө туруп калган. Баланы биздин оорукананын лор бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов карап, жалпы наркоз берип, эзофагоскоп аппаратынын жардамы менен төөнөгүчтү алган. Учурда баланын абалы жакшы»[/ads-quote-center]