Абылгазиев митингге чыккан элге каршы резина огун атуу токтомун кабыл алды…

Автор -
12145

Ѳкмѳт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ жакында нааразычылык митингине чыккан элге резина огун колдонуу токтомун кабыл алды. Бул боюнча шаар тургундары эмне дейт?

Жанарбек Сагынбек уулу: «Эгер нараазчылык митингине чыккан элге резина огун атабыз десеӊер, Акаев, Бакиев баскан кетмендин башын басасыӊар!»

-От менен жана ок менен ойнобош керек. Элге ок чыгарган эки ажонун тагдыры эмне болду… «Бетеге кетет, бел калат. Бектер кетет, эл калат» демекчи, Акаев, Бакиев ѳз ѳлкѳсүн таштап качып кетип, эл калды. Же эмне кечээки Аксы окуясын, Апрель революциясын унуттуңарбы?! Эгер нааразычылык митингине чыккан элге резина огун атабыз десеңер, Акаев, Бакиев баскан кетмендин башын басасыңар! Өкмѳт иштеп, Жогорку Кеңеште отурган 120 депутат элдин үнүн угуп, маселесин чечип, Кыргызстандын ѳсүп-өнүгүшү үчүн күн-түн дебей иштеп жатышса эл митингге чыкмак беле?! Мына, Сооронбай Жээнбековдун президентгик тактыга отурганына бир жарым жыл болуп калды, эмне маселе чечилди? Карапайым элдин жон терисин беш сыйрып, казынага кол салып, Кыргызстанда чартаңбай тээп жүргѳндѳр качан жазага тартылат?! Президент Сооронбай Шариповичтин чѳнтѳгүндѳгү 35 коррупционердин аты качан аталып, кылмыш иши козголот? Андан бери бир жыл ѳттү. Элден эч нерсени жашыра албайсыңар. Мына Раим миллион деген коррупционер боюнча журналисттер жаза берип, эл айта берип чарчадык. Же эмне Раим дегениңер Кудайдын эрке баласыбы? Бир жылдан бери Ѳкмѳт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир маселе чечтиби?! «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады, бирок, карапайым элге шарт түзүп бере алдыңарбы?! Орточо айлык-акы 5000-7000 сом, пенсия 5000-6000 сом. Айып пулдун баасы асман чапчыйт. Карапайым элдин жашоо-турмушу күн санап оорлоп атканын чиновниктер сезбесе керек. «Оорубагандын Кудай менен иши жок» демекчи, депутаттардын карапайым эл менен иши жок. Анткени, карапайым элге карандай калпты айтып, парламенттик шайлоодо кол топтоп алышкан. Бир сѳз менен айтканда булардын эшеги суудан ѳткѳн. Анан кантип нааразычылык митингине эл чыкпайт?!

Сагынгул Арстанова: «Митингге чыккан элге каршы резина огун колдонуу токтомун кабыл алган бйилик элди ого бетер кыжырлантты»

-Президентти да, Жогорку Кеңештин депутаттарын да эл шайлайт. Эл укмуштуудай убадаларды токуп, элдин атынан депутат болуп шайланган соң, элге ок чыгарам дегендин ѳзү наадандык. Киндик каным тамган жерде ѳз элине ок чыгаруу маңкурттун гана колунан келет. Президентти эл шайласа, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев митингге чыккан элге резина огун атуу токтомун кабыл алып, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койсо, анда иштин бүткѳнү. Анткени, министрликтер ѳз ишин так аткара албаса, сот калыс чечим чыгара албаса, кадр саясатындагы чабалдык сазга батса, биз кимге кайрылышыбыз керек. Азыр илгеркидей президентке же эл ѳкүлүнѳ кат жолдоп, жооп кутуп жатчу заман эмес. Президентке бир эмес, миң ирээт кат жолдосоң да жооп ала албайсың! Айлабыз кеткенде нааразычылык митингине плакат кѳтѳрүп алып чыгабыз. Өкүнүчтүүсү, маселе чечилбейт. Эми нааразычылык митингине чыккан элге каршы резина огун колдонуу токтомун кабыл алган бийлик элди ого бетер кыжырлантты. Эгер мамлекет башчы жана министрликтер, депутаттар эл алдында берген убадаларын так аткарып, маселени оңунан чечип берип турса карапайым эл митингге чыгып айланат беле?! Бүгүнкү бийликке наааразы болгон элге бийлик резина огун атып, мамлекетте стабилдүүлүк орнотом десе терең жаңылышат. Тескерисинче, эл бийликти түп тамыры менен кулатып коёт. Эл деген сел. Толкуган элди эч ким, эч качан токтото албайт!

 

Айпери Сагынбекова: » Бул бийлик эки  революциядан сабак алышпаптыр»

-Жээнбековдор бийлиги бир жылдын ичинде башаламандыкка жол ачты. Бул бийликке нааразы болгон элдин саны күн санап ѳсүүдѳ маселен, Жээнбековдордун үй-бүлѳлүк кландык башкарууга бет алганы, коррупция менен күрѳш баштаганын жар салганы менен ушул күнгѳ чейин коррупциянын ана башында тургандарга тиши ѳтпѳй жаткандыгы коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Кадр тандоодогу чабалдык, курулай  убада элдин бүгүнкү бийликке болгон ишенимин жоготууда. Ѳкмѳт башчы баш болуп, Айыл чарба жана мелорация министрлиги тѳш болуп, күз айларынан бери дыйкандардын маселесин чечип бере алышкан жок. Эми минтип нааразычылык митинггине чыккан элге каршы резина огун колдонуу токтомун кабыл алышты. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Бул бийлик эки революциядан сабак алышпаптыр. Кечээ жакында Ѳмүрбек Бабанов келээрин айтса, УКМКнын Басма сѳз кызматы дароо кылмыш иши козголоорун айтты. Ѳмүрбек Бабановдун колдоочулары аны тосуп алууга чогулаарын укканда бул бийлик чындыгында коркту кѳрүнѳт. Билесиздер, адам кандай учурда коркот? Адам баласы ѳзүнѳн күчтүү жана акылдуу адамдан коркот. Себеби Ѳмүрбек Бабанов чыныгы реформатор. Бирок, Сооронбай Жээнбековго андай реформатор эмес, мурдуна чүлүк салдыра турган момун бирѳѳ керек. Мына бүгүнкү күндѳгү саясат! Бул бийлик Акаев, Бакиев бийлигинен да аша чаап бара жатканын билишээр бекен… Элге ок чыгаруунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Эгер резина дененин эттүү жумшак жерине тийсе терини тешип кетээри талашсыз. Керек болсо, таамай атылган резина огу сай сѳѳгүңдү сыздатып, майып кылып, коляскада отургузуп коёт. Резина огу оюнчук автомат эмес да.

Булак: «Ачык саясат» гезити. № 15 (358). 26-апрель. 2019-жыл.

Бөлүшүү