Кош бойлуулук учурунда эмне үчүн кан азаят? — пайдалуу кеӊеш

Автор -
5956

Кош бойлуулукта пайда болуучу эң кеңири таралган оорулардын бири-аз кандуулук. Аз кандуулуктун да бир нече түрлѳрү бар, бирок кош бойлуулук организмге темирдин жетишсиздигинен улам келип чыккан аз кандуулук менен тыгыз байланышта.

Анемия деген эмне?

Анемияны эл арасында аз кандуулук деп атайбыз. Бул, албетте, анемия менен ооруган адамдын каны оорубаган адамдыкына караганда аз дегенди түшүндүрбѳйт. Кѳлѳмү жагынан алып караганда баары жайында.

Анемия — кандагы гемоглобиндин аз болушу. Мындай учурда гемоглобин менен кошо кандагы кызыл кан таякчалары — эритроциттин да саны азаят. Норма боюнча аялдарда гемоглобин — 120-160 г/л, эритроцит- 3,4-5,0 млн/ мкл болууга тийиш. Адатта (90 % учурда) аз кандуулук организмге темирдин жетишпестигинен келип чыгат. Темир — гемоглобиндин эн негизги компоненттеринин бири.

Кош бойлуулук учурунда эмне үчүн кан азаят?

Аял кош бойлуу болгон учурда организмге келтирилген күч бир нече эсеге жогорулайт. Бул учурда темир ѳзгѳчѳ керек. Мисалы:

-Жүрѳк мурункуга караганда тезирээк согот, дем aлуу тездейт. Бул үчүн кѳбүрѳѳк кычкылтек сарпталат. А кычкылтек болсо ткандарга бир гана темир менен кошо жеткирилет. Демек, организмге кѳп күч келгенде кычкылтекке болгон талап жогорулайт, а кычкылтекке болгон талаптын жогорулашы — темирге болгон талаптын жогорулашы.

-Курсактагы бала чоңойгон сайын аны кѳтѳрүп жүргѳн эненин жатыны чоңоёт, жатындын булчуң эттери ѳсѳт. Темир болсо булчуң эттер үчүн зарыл болгон алмашкыс элемент. Андыктан жатындын ѳсүшү менен организмдин темирге болгон талабы жогорулайт.

-Темир түйүлдүктүн туура калыптанышы үчүн да зарыл. Ошондой эле ал түйүлдүктүн булчун жана башка ткандарынын ѳсүшү үчүн керек болот.

-Кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында түйүлдүктүн кан айлануу системасы  калыпка салынат,бул үчүн да темирге болгон талап күчѳйт.

— Ал эми кош бойлуулуктагы талгактын күчѳшү тамак-аш менен кошо темирдин организмге сиңишине тоскоол болот.

-Мына ошентип, биринчи үч айлыкта темирге болгон муктаждык суткасына 0,6-0,8 миллиграммды түзѳт. Экинчи үч айлыкта -2 4 миллиграммга чейин жогорулайт. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы   үч айлыгьнда  организм 10-12 миллиграмм темирге муктаж болот. Жогорудагылардан тышкары, тѳмѳнкү факторлор да аз кандуулукка жеткирет: Толук кандуу эмес тамактануу; Ички органдардын ѳнѳкѳт оорусу; Кан агуу менен коштолгон гинекологиялык оорулар: Буга чейин болгон бойдон түшүү: Кош бойлуу аялдын жаш курагы 18 жашка чейин жана 30 жаштан жогорку: Кош бойлуулукка чейинки айыздык циклдин 5 күндѳн узакка созулушу.

Кош бойлуулуктагы аз кандуулук

Анемия же аз кандуулук — бул гемоглобиндин 110 г/лден, эритроциттин 3,5 млн/мклден аз болу-шу. Гемоглобин ткандарга жана ички органдарга кычкылтек жеткирет. Ал азайганда болочок эне да, бала да кычкылтекти, азыктандыруучу заттар менен витаминдерди жетишерлик деңгээлде ала албайт. Кош бойлуулуктагы аз кандуулук даражасы боюнча үчкѳ бѳлүнѳт: • Жеңил даражасы — гемоглобин 110-90 г/л; • Орточо даражасы — гемоглобин 89-80 г/л; • Оор даражасы — гемоглобин 80 г/лден тѳмѳн болот.

Кош бойлуулуктагы аз кандуулук эмне үчүн кооптуу?

  • Каны аз кош бойлууларда талгак катуу болот
  • Түйүлдүктүн ѳсүү процессинин токтоп калуу коркунучу бар
  • Бала маалынан эрте тѳрѳлүп калуусу мүмкүн
  • Аз кандуу аялдар тѳрѳгѳндѳ кан кѳп кетүү коркунучу 3-4 эсе жогору болот
  • Тѳрѳгѳндѳн кийин кѳкүрѳк сүтүнүн иштелип чыгышы жетишсиз болот
  • Аз кандуулуктун оор даражасында баланын ѳлүк тѳрѳлүү коркунучу бар
  • Энеси аз кандуу болуп тѳрѳгѳн ар бир үчүнчү бала жашоосунун биринчи жылында тез-тез ооруйт. Алардын айрымдары аллергиядан жабыркаса, айрымдары аз кандуулуктан жабыркайт.Ал эми сасык тумоо менен башка балдарга караганда он эсе кѳп оорушат.

Темирге бай азыктар:

  • Эт азыктары: бѳйрѳк, жүрѳк, балык, тил, тооктун эти.
  • Дан ѳсүмдүктѳрү: гречка, тѳѳ буурчак, чечевица, буурчак.
  • Жашылчалар жана кѳк чѳптѳр: помидор, картошка, пияз, ашкабак, кызылча, жашыл жашылчалар, шпинат, петрушка.
  • Мѳмѳ-жемиштер: алма, кара ѳрүк, банан, анар, алмурут, шабдалы, курма, кара карагат, кулпунай.
  • Ширелер: анардын, кызылчанын, сабиздин, алманын ширелери.
  • Башкалар: жаңгак, кызыл, кара икра, жумуртканын сарысы, кара шоколад, кургатылган козу карын, жемиштин кактары.

Гемоглобиндин көтөрүү үчүн рецептер:

  • Жаңгакты,ѳрүктүн кагын, мейизди майдалап, ага балды кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы күнүнѳ 1 чоң кашыктан жеп турасыз.
  • Лимонду кабыгы менен кошо эт майдалагычтан ѳткѳрүп, күнүнѳ 1-3 чоң кашыктан жейсиз.
  • Кызылчанын 100 мл ширесин сабиздин ушундай эле ѳлчѳмдѳгү ширесине аралаштырып ичесиз. Мындай шире гемоглобинди тез аранын ичинде кѳтѳрѳт.
  • 1 даана сабиз менен 1 даана алманы кыргычтан ѳткѳрүп, каймак менен аралаштырып салат жасап жеңиз.
  •  1 стакан чийки гречканы банкага салып, үстүнѳ 1 стакан кефирди куясыз да, туну менен тыныктырып коёсуз. Эртең менен даяр болуп калган гречканы жей берсеңиз болот.

Булак: «Леди.kg» гезити. 23-апрель. 2019-жыл.