Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Автор -

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Си Цзиньпинь.’]“Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,”[/ads-quote-center]

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге “Бир алкак – бир жол” форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков КЭР мамлекеттик ишмерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.