Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарын туруктуулугун күчөтүү” боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт. Долбоордун жалпы бюджети – 43,6 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынын каражаты – 38,6 млн доллар, анын ичинде гранттык каражат – 16,8 млн доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты – 21,8 млн доллар. КР Өкмөтү долбоорго 5 млн долар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.
Бул долбоор 3 бөлүктөн турат: Ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо, Ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу, Табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деӊгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.