Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытайдын Шинжаң аймагындагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» канча казак бар экендиги тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин билдирди.
Мекеме «Консулдук байланыштар тууралуу» 1963-жылкы Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык, эл аралык мамилелерде «башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө болбой турганын» белгиледи. «Нур-Султандын Кытайдагы казактардын маселелерине кийлигишүүгө укугу жок. Алар кытай жарандары болуп эсептелишет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Казак ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин маалыматына караганда, Кытайдагы казактардын Казакстанга кирүүсүнө көбүнчө алар тараптан «Кытайдын миграциялык мыйзамдарынын бузулгандыгы» себеп болууда. «Миграциялык режими бузулбаган учурда Кытай тараптан казактардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок», — деп билдирди мекеме.
Казак бийлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы Кытайдан келген 14 324 казак, 2019-жылдын төрт айында 1929 казак Казакстандын жарандыгын алган. 1-январдан 15-майга чейин Кытайдагы казак консулдуктарынан «Казакстанда жашаган туугандарына баруу үчүн» казак улутундагы 6 506 кытай жараны виза алган.
Быйыл январдан апрелге чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлигине Кытайдагы туугандары келе албай жатканына арызданган 343 казак жаранынан арыз келип түшкөн.
Шинжаң аймагында уйгур, казак, татар жана башка азчылыкты түзгөн мусулман дининдеги улуттардын өкүлдөрү кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жайгаштырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар алгач 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган. Күбөлөр ал лагерлерде шарт өтө начар экенин, анда кармалгандардын айрымдары кыйноого кабылып жатканын айтышкан. Мындан тышкары кээ бир укук коргоочулар «кайра тарбиялоо лагерлеринин» максаты «андагы этникалык топтордун иденттүүлүгүн бузуу» экенин билдиришкен.
Пекин мындай айыптоолорду четке кагып, аталган жайлар радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү борборлору экенин айтып келет.