Кызуу талкууда: Бажа бажаны көргөндө, башы кычышып жатабы?

Автор -
536

Бир кездери мезгилдүү кыргыз басма сөздөрү «Партиялар парады», «Экстерде эмне кеп?» деген өндүү рубрикалар астында бир багыттагы маалыматтарды жарыялашаар эле. Дегеним, жалаӊ партиялар же жалаӊ экстер туурасында кеп кылышып…

Ушу тапта бүтүндөй кыргызстандыктар бир рубрика таба албай аябай кыйналышууда. Анткени, учурдагы өкмөт башчынын айланасындагы ызы-чуу кептер саясаттын күрөө тамыры болуп турбайбы. Айрыкча, «бажа» темасы кызуу талкууда.

Экс-министр Иманкадыр Рысалиев өкмөт башчынын бажасы экендиги, ал жаӊы түзүлгөн «КТ Мобайл» байланыш тармагына көшөгө артында кожоюндук кылганы элди нааразы кылды.

Бирок, Иманкадыр мырза өзүм билемдик аракеттери менен өкмөт башчынын аброюна келеке түшүргөнүн түшүндү бекен деген суроого жооп таппай турубуз. Эми кептин багытын буралы. Рысалиев деген «бажабаатыр» боюнча баары талкууланды көрүнөт. Биз бир билгенибизди айтып койгубуз келди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн бир тууган агасы Калыйнур Абылгазиев менен уялаш бажа экенин көпчүлүк биле бербейт. Тагыраагы Мукан мырза агасы Калыйнурдун бир тууган балдызын алган.

Демек, түшүндүӊүздөр да ээ, кимдин ким экенин. Эгер түшүнсөӊөр анда бажалар туурасында бир жакшы рубрика тапкыла. Акаев доорунда «балдыздар» бар эле, Бакиев доорунда «укелер» мода болгон, Атамбаевдикинде «шоопур-жансакчы» кеп эле. Айтор, азыр эми «бажалар» доор сүрүп аткандай…

Булак: «Мантыш» гезити. 28-май, 2019-жыл. 

Бөлүшүү