Өзбекстандын мектептери жаңы окуу жылында бирдиктүү формага өтөт

Автор -

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги 2019-2020-окуу жылынан тарта өлкөдөгү мектептер бирдиктүү формага өтө турганын эскертти. Тиешелүү чечимди өзбек өкмөтү былтыр августта кабыл алган.

«2018-2019-окуу жылында Өзбекстан мектептеринде эркин форма болчу. Жаңы окуу жылынын башталышы менен бирдиктүү мектеп формасы милдеттүү болуп калат», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Учурда «Узтукимачиликсаноат» бирикмеси мектеп формасын тиге турган уюмдардын тизмесин түзүп жатат. Кийинчерээк өлкөнүн ар бир шаарында, райондорунда жаңы мектеп формасын сатуу үчүн атайын соода жайлары ачылат.

Элдик билим берүү министрлигинен билдиришкендей, формалардын наркы базар баасына карап аныкталат. Ата-энелер аларды соода жайларынан өз алдынча сатып алышы керек. Мектеп директорлору менен мугалимдерге болсо формага деп акча чогултууга тыюу салынды.

Бөлүшүү