Аткаминер кол алдындагыларды «3-4 күн уйкусуз иштетем» деп опузалаган

Автор -

«Азаттыктын» өзбек кызматы Хорезм облустук акимчилигинин маданият башкармалыгынын башчысы Шавкат Яхшибоев кол алдындагы кызматкерлерди опузалап жаткандыгы жазылып алынган аудиотасманы жарыялады.

[ads-quote-center cite=’деген аудиотасмадагы Яхшибоевге таандык делген үн.’]«Мен силерди 3-4 күн уктабастан иштегидей кылам. Силер митаамсыңар, биздин максат — силерди кыйноо»[/ads-quote-center]

Маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында, аудио Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Хивага сапарынын алдындагы чогулуш маалында жаздырып алынган.

[ads-quote-center cite=’деди башкармалык кызматкерлеринин бири.’]«Чогулуш Шавкат Яхшибоевдин иш бөлмөсүндө 26-майда өткөн. Кечки саат тогузда башталган жыйын түнгө чейин созулду. Анда алыскы райондордон келген музыкалык мектептердин жетекчилери бар болчу. Яхшибоев аларга уктабагыла деп, уктагандар таң атканча иштей тургандыгын айткан»[/ads-quote-center]

Мындан тышкары ал Штайнмаейр менен Медведевдин Хивага сапары алдында музыкалык мектептердин окуучуларын меймандарды тосуп алууга күн ысыкта даярданууга мажбурлаганын кошумчалады.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Кичинекей балдар төрт саат бою күн ысыкта даярданууга мажбурланышты. Яхшибоев окуучуларды репетицияга чыгарбаган райондук маданият башкармалыгынын жетекчилерин зекип урушту»[/ads-quote-center]

Өз кезегинде Шавкат Яхшибоев кол алдындагы кызматкерлерди опузалабаганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди Яхшибоев.’]«Райондук маданият башкармалыктарынын жетекчилерин уктатпай иштетип эмне кылмак элем? Бизде андай глобалдык маселелер жок. Меймандарды тосуп алуу иш-чарасына даярдыктар кечкисин өткөрүлгөн. Ага негизинен фольклордук топтор катышкан»[/ads-quote-center]