Бишкектин айрым райондорунда ысык суу 14-июнга чейин берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын оңдоо иштерине байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы ысык сууну 14-июнга чейин токтотууга муктаж.
Ысык суу төмөнкү даректерде жок болот:
— Патриса Лумумба, № 48-110;
— № 110 балдар бакчасы;
— Кустанайская, № 38, 40;
— Астраханская, № 33;
— Красноводская, № 1а;
— Нарвская;
— Профсоюзная;
— Сельповская;
— проспект Жибек Жолу, № 625.