Эсептөө палатасынын отчету жактырылды

Автор -

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүү жыйынтыгында 2 млрд 321 млн сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды. Анын ичинде 1 млрд 621 млн сом ордун толтурууга жатса, 1 млрд 405 млн сом ордуна коюлуп, каражаттардын кайтарымы 87 пайызды түздү. Бул тууралуу Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди Улукбек Марипов.’]«2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилди. мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 млрд 236 млн сом өлчөмүндө болду. Анын ичинде 1 млрд 791 млн сом кайра кайтарылууга тийиш. Отчеттук мезгил аралыгында бюджетке 991 сом кайтарылып, ал 55 пайызды түздү. Ал эми 800 млн сом сарамжалдуу пайдаланылган эмес. Анын ичинде 80 млн сом кайтарылууга тийиш болсо, азыр 59 млн сом ордуна коюлду»[/ads-quote-center]

Андан тышкары, аудит жыйынтыгында мекемелерге каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама, анын ичинде мекемелерге 179 эскертүү берилгени, Өкмөткө 18 сунуштама жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Эсептөө палатасы укук коргоо органдарынын кароосуна 786 млн сомдук 49 материалды жөнөттү, анын ичинде прокуратура органдарына – 34 материал, ГСБЭПке – 11 материал, УКМКга – 4 материал. Алардын негизинде 7 кылмыш иши козголду, 15 материал кошумча текшерүүгө жөнөтүлдү, 12 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды, калган материалдар башка кылмыш иштерине тиркелди»[/ads-quote-center]

Депутаттар Эсептөө палатасынын башкы максаты өз багытында жумшалбаган бюджеттик каратты кайра кайтарып алуу болуп санала турганын эске салып, аудиторлордун текшерүү мүмкүнчүлүгүнө кызыкты.

[ads-quote-center cite=’деди депутат Төрөбай Зулпукаров.’]«Кошумча штат бирдигин ачуу маселеси Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен чечилет»[/ads-quote-center]

Палата башчысынын айтымында, техникалык кызматчыларды кошпогондо, азыркы учурда 206 штаттык бирдик бар.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Мындан 5-10 жыл мурда мамлекеттик бюджеттин көлөмү кыйла аз болчу, ошондо деле азыркыдай штат бирдиги иштечү. 2016-жылы Эсептөө палатасынын жаӊы курамы келгенде, Өкмөт кошумча 40 шатат бирдигин ачуу жөнүндө токтом кабыл алган, ал азыркыга чейин аткарылбай келет. Кыязы, каржы тартыштыгынан улам болсо керек»[/ads-quote-center]