Тажикстанда ысыкта окуу жылы узартылды

Автор -

Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 14-июнга чейин узартты, окуу программасы бүткөнүнө байланыштуу окуучулар материалдарды кайталап жатат, айрымдары сабакка такыр эле келген жок.

Билим берүү жана илим министрлигинин Окуу-медотикалык борборунун директору Шермухаммед Ёрмухаммадзода окуу жылынын узартылышы боюнча комментарий берди:

– Айрым мектептер үч нөөмөт менен окуп жатышты, класстан тышкары сабактарды, сынактарды өткөрүүгө мүмкүн болгон жок. Буга байланыштуу биз июнь айында эки жума окутууну чечтик. Эгер биз окуу жылын кыскартсак, окуу программасы толук аткарылбай калмак. Азыр балдарды тарбиялоого, алардын сабаттуулугун жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Тажикстанда мурда окуу жылы 25-майда, акыркы бир нече жылдан бери июндун башында аяктачу.

Ата-энелер жана айрым мугалимдер окуу жылынын узартылышына нааразы. Душанбе шаарынын жашоочусу Анастасия сабактар мурдагыдай 25-майда бүтсө деп эсептейт:

– Балдар чарчап, кеч турушууда, окууга барууга ниет жок, кечигишүүдө. 11-класстын окуучулары болсо акыркы сынактарды 25-июнда беришет, жогорку окуу жайларга сынак тапшыруу 2-июлда башталат. Эс алып, күч топтоого убакыт жок. Алар кантип эми сынактарга толук кандуу даярданышат?

Тажикстан Билим берүү жана илим министрлигинин жумуш тобу окуу жылынын узартылышынын жыйынтыктарын иликтеп, окуу жараянына өзгөртүү киргизилерин билдирүүдө.

Бөлүшүү