«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 12- июнда саат 9:00-17:00 чейин Ош шаарынын Азим Палван көчөсүндө жаратылыш газын берүү токтотулат»,- деп билдирди «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.