Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.
Белгилей кетсек, 10-июнда Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошоттуга кол койду.