Таласта кош бойлуу келин баласы менен кошо жерге берилди — окуянын чоо-жайы…

Автор -
1602

Талас облусунун Кара-Буура районундагы ооруканадан кош бойлуу келин каза болду. Маркумдун жакындары анын ѳлүмүнѳ дарыгерлердин убагында чара колдонбой койгону себеп болду деген пикирде. 1991-жылы туулган Айнура турмушка чыкканына жыл айланбай курсактагы наристеси менен жерге берилди.

«Доктур сиңдимди мазактаптыр»

— Сиңдим менен күйѳѳ балам ѳткѳн жылы сентябрь айында баш кошушкан. Айнура тѳрт кыздын кичүүсү, эркебиз эле. Жолдошу Талас облусунун Кара-Буура районунан болсо, ѳзүбүз Талас шаарынан болобуз. Экѳѳ жаңы үйлѳнгѳндѳ айылда иш жок деп Бишкекте туруп калышты. Сиңдим менин жанымда сатуучу болуп иштечү. Кош бойлуу болгонуна 12 жума болгондон кийин жолдошу дароо №1 Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборуна алып барып каттоого тургузган. 33-жумасына чейин борбордо дарыгерлердин кароосунда болду, ай сайын анализ тапшырып турчу. Ушул мѳѳнѳтүнѳ чейин ѳзүнүн да, түйүлдүктүн да ден соолугу жайында болгонуна мен күбѳмүн. Андан кийин айылда калган жетимишке таяп калган кайненесинин жанында болобуз деп Кара-Буура районунун Чолпонбай айылына кѳчүп кетишкен 27- апрелден баштап райондук Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборуна каттоого алыныптыр. Ал жактан да баары жакшы болчу.

9-май күнү баласына 36 жума болгондо ѳзүн жаман сезип райондук оорукананын тѳрѳт бѳлүмүнѳ кайнежеси ээрчитип барыптыр. Дарыгер ал күнү жок болгондуктан нѳѳмѳттѳ турган медайым кабыл алып, палатага жаткырган экен. Эртеси күнү Нуржанова Гулнара аттуу дарыгер келип, сиңдиме карап: «Бул соройгон эки метрлик келинди эмнеге жаткырып койгонсунар, жѳн эле келиндик кызматтан качып келип жаткан неме го» деген маанидеги бир топ сѳздѳрдү айтыптыр. Эч жерин текшербей туруп «ичин ооруса кайра кел» деп орой мамиле жасап кетирип жиберет. Сиңдим сыртка чыгып алып менден улуу эжеме чалып ыза болуп аябай ыйлаган экен. Үйүнѳ барып ызаланып күйѳѳсүнѳ да айтып, экинчи ал дарыгерге барбайм дептир.

«Экинчи ирет да кайдыгер мамиле жасашты»

— Жогорудагы окуядан кийин үйдѳ жакшы эле жүрдү. 3-июнь күнү жолдошу менен Чолпонбай айылындагы Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборуна барат. Пландык текшерүүдѳн ѳтмѳк экен, ал учурда ичиндеги баласына 38-39 жума болгон. Аны Райкан аттуу медайым кабыл алып, райондук оорукананын тѳрѳт бѳлүмүнѳ барып УЗИге түшүп келгиле деп жанына башка медайымды кошуп берген. Айнура жолду катар бирде ысып, бирде үшүп атканын айтыптыр: Ага маани бербей УЗИге түшүрүп, анын жыйынтыгына карап ичиндеги баласы жакшы деп кан, заарадан анализ тапшыргыла дешет. Анализ тапшырып аткан учурда сиңдим кусуп жибериптир. Күйѳѳ балам жакшы эле тызылдаган экен, ага кулак түрбѳй доктурлар «кусуп атса ѳпкѳ, боорун УЗИге тарттыргыла деп» чай ичип отуруп алышыптыр. УЗИге баратканда сиңдим жыгылган экен.

“Бир заматта сиңдимдин сѳѳгүн кучактап отуруп калдык”

— Айнура кулаганда жолдошу кыйкырып жардамга чакырып, келинчегин колуна кѳтѳрүп жандандыруу бѳлүмүнѳ жѳнѳптүр. Ал жактан жүрѳктү соктура турган аппаратты туташтырганда жүрѳгү согуптур. Ошол жерден күйѳѳ баламды сыртка чыгарып салышыптыр, ал жандандыруу бѳлүмүндѳ бир сааттан ашуун убакыт күтүп туруптур. Анан бир медайым чыгып күйѳѳсүнүн колундагы карточканы сурап алыптыр. Ошондон кѳп ѳтпѳй дарыгер чыгып: «Аялын ѳлүп калды, моргдон алып кет»,- дептир түз эле. Ошондон бир саат мурда апама чалып райондук ооруканага баратканын айтышкан экен, ал агамды айдатып алып жолго чыгыптыр. Апам байкуш күйѳѳ балам чалса тѳрѳгѳн экен деп ойлоптур. Ал жерден ызы-чуу түшүп ыйлап, апамдын кан басымы кѳтѳрүлүп атама чалышат. Бир заматта бизге кабар жетип жакшынакай басып жүргѳн сиңдимдин сѳѳгүн кучактап отуруп калдык.

“Дарыгерлерге сурообуз кѳп”

— Сиңдимдин ден соолугуна кайдыгер караган дарыгерлер азыр бизди каралоо менен алек болуп атышат. «Боюнда болгондон баштап каттоого турбаптыр» дешиптир. 12 жумалыгынан баштап каттоого турганын Бишкектеги дарыгерлерге барып далилдеп бере алабыз. Жандандыруу бѳлүмүнѳн карточканы да аны каралоо максатында алып алышкан окшойт. Себеби кийин ал карточканы такыр таппай койдук. Эмне үчүн 9-майда ооруканага баргандан тартып сиңдиме жакшы карашкан эмес? Эмне үчүн толгоо тартып атканын аныкташкан эмес? Бир сааттан ашык жандандыруу бѳлүмүндѳ эмне кылып атышты? «Жок дегенде наристени сактап калбайт беленер?» дегенибизде»эненин жүрѳгү токтогондо ымыркай дароо тумчугуп чарчап калат» дешти. Азыр прокуратурага арыз жаздык. Дале нес абалда отурабыз. Апамдын кѳз жашы кѳл.

Ооруканага барардан мурдакы күнү балага керектүү кем-карчынын баарын баштыкка салып: «тѳрѳп калсам ушуну алып барасын» деп жолдошуна дайындаган экен. Убагында дарыгерлер кѳңүл буруп койгондо минтип кара жерди кучактап жатпай, эки колун аман-эсен бооруна алып бала эмизип отурбайт беле. Турмушка чыккандан кийин 9 ай эле жашады. Курсактагы баласы уул экен, молдолордон сурасак шарияттын жолу менен ошол бойдон эненин курсагынан алынбай жерге берилет дешти. Алар айткандай кылып экѳѳнүн сѳѳгүн жерге бердик.

Булак: «Леди.kg» гезити. 11-июнь, 2019-жыл.