Өзбекстан Жакынкы Чыгыштан 3000дей жаранын кайтаруу ниетинде

Автор -

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Усмонхон Алимов Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймактарда үч миңдей өзбекстандык бар экенин билдирди. Муфтий жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда алар мекенине кайтарыла турганын айтты.

«Биздин эсеп боюнча алардын саны 3000 миңдей кишини түзөт, биз аларды алып келишибиз керек. Мекенине кайткан жарандар «Бустон» санаторийине жайгаштырылат, аларды 180 дарыгер карайт. Биздин имамдар алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», – деди ал.

30-майда өзбек өкмөтү Сириянын Аль-Холь лагеринен 156 киши атайын авиакаттам менен мекенине кайтарылганын билдирген.

Учурда өзбек телеканалдары жана интернет-сайттары Сириядан кайткандар менен байма-бай маек курушууда. Согуш жүрүп жаткан аймактан келген аялдар күйөөсүнө, атасына, ага-инилерине же балдарына алданып Сирияга барышканын айтышууда.

Муфтий 3000 өзбекстандык тууралуу кеп кылганы менен Сирия жана Ирак лагерлериндеги, түрмөлөрүндөгү өзбек жоочулары тууралуу расмий маалыматтар жок.

Сириядан кайтарылган 156 кишинин 154ү Ташкент облусундагы санаторийге жайгаштырылган. Бирөө кургак учук диспансерине жаткырылган, дагы бирөө сурак берүүдө. Санаторийдеги өзбекстандыктар атайын кызматтын көзөмөлүндө. Расмий маалыматтар боюнча 156 кишинин 48 аял, 107си жашы жете элек бала.

Бөлүшүү