Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Нурбек Шаршенов. Ал 1950-жылы ушул эле район до жарык дүйнөгө келип, мектепти аяктаган соӊ (дене тарбия институтунан билим алган. Бокс боюнча дуйнө чемпиондору болушкан Кличколорго сабак берип, машыктырып тарбиялаган. Алардын ал кездеги күндөрү боюнча «Турмуш» сайтына маек берип, Кличколор тууралуу эскерген.
– Ушул Москва районунда иштеп жүргөндө бир күнү Кличконун атасы келди. Ал ошол убакта Петровка айылындагы абакта иштечү. «Балдарымды машыктыра аласыӊбы?» деп айтты. Мурда спорт залдарга балдар алгач ата-энеси менен келчү. Алар менен келишим түзүлчү. Анткени спорто ар кандай болот, таяк жейт, кокустук болуп кетет. Анан да канчада келгенин, канчада кеткенин күндөлүктөрүнө жазчубуз. Аны ата-энеси дайым окуп турушчу. Мелдештерге бара турган мезгил келгенде дагы алдын ала билдирилчү. Ошентип биринчи Владимир келип машыкты, андан кийин Виталийди алып келди. Экөөнү 4-класстан баштап алдым. Алар башка балдардан көп деле айырмаланчу эмес. Бирок экөөнүн теӊ бою узун эле. Кичүүсү кийинчерээк келди. Улуусу 7-класска чейин менде машыгып, андан соӊ атасы Казакстанга көчүп, ошону менен балдарын алып кетти. Кичүүсү 6-класс болуп калган. Кийин Казакстандан жакшы ийгиликтерге жетишип калышканда «менин биринчи машыктыруучум кыргыз киши. Келишимдүү адам болчу» деп айтышыптыр. Алар анкета толтурушат. Ошондо дагы мен жөнүндө жазып беришиптир. Ал жактан кабары бар балдар мага айтып жүрүштү. «Сенин окуучуӊ кыйын чыгыш келе жатат. Сен жөнүндө айтып жатат» дешип. Бирок мен алар менен байланыша алган жокмун…
Кличколордун жетпей калган белеги…
– Кличколор Казакстанда жүрүшкөндө мага бир футболка белекке берип жиберишкен экен. Бирок ал белек мага жетпей калды. Эмне болгонун ким билсин, сизге белек берип жиберишти деп айтышкан. Бирок колго тийген жок. Көчмөндөр оюндары башталганда Кличколор Кыргызстанга келсе дегем. Бирок келген жок. Алар деле туулуп өскөн Беловодск айылы кандай болуп калды деп кызыгат болуш керек. Келсе, Кыргызстандын көп кооз жерлерин кыдыртат элем. Мен эми алардан эч нерсе деле сурабайм. Болгону сыймыктанып, алыстан угуп жүргөн окуучуларым менен көрүшүп, учурашып, сүйлөшүп чер жазгым келет…
Булак: «Факты.kg» гезити. №23 (23). 11-июнь, 2019-жыл.