Оренбургдагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык жаран жабыркады (фото)

Автор -

Кечээ, 16-июнь күнү Оренбург областында эки кичи автобус кагылышып, бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Федеральное агентство новостей жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын төрт жараны жана эки орусиялык жабыркаган. Ошол күнү эртең менен Кыргызстанда катталган Hyundai кичи автобусу менен 8 адам бара жаткан. Ал эми “Газелде” россиялык күйөсү-аялы менен небереси болгон.

Жол кырсыгынан жабыркаган төрт кыргызстандык жарандын тизмеси:

  1. Биршат К., 1988-ж.т. аял киши болгон. Анын оң далысы жабык сынган
  2. Мурата К., 1963-ж.т. оң далысы жабык сынган
  3. айдоочу Нурбек Д., 1979-ж.т. чекесинен жаракат алып, кашы тытылып кеткен
  4. төртүнчү жарандын абалы тууралуу маалымат жазылган эмес

“Газелдеги” аял киши жана небереси ооруканага жаткырылды. Ал эми 2014-жылы туулган жаш кыздын чоң атасы кырсыктан каза болду.

“АиФ Оренбург” аймактык милицияга таянып жазгандай, алдын-ала маалыматтар боюнча кыргызстандык номердеги автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Бөлүшүү