АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам берет

Автор -

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бере турганын билдирди.

Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, Украина снайпер мылтыктары менен зениттик граната аткычтардан тышкары контр-артиллериялык радарлар менен коопсуз байланыш каражаттарын дагы алат.

Жабдуулар негизинен Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнө жана атайын багыттагы аскердик бөлүктөрүнө берилет.

Пентагондон билдиришкендей, бул жардам АКШ менен Украинанын ортосундагы коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын алкагында берилүүдө. Мекенин билдирүүсүндө кызматташуу украин армиясын НАТОнун стандарттарына жакындаткан реформалардын аркасында мүмкүн болгону белгиленген.

«Биз Орусиянын агрессиясына каршы күрөштөгү чоң колдоосу үчүн америкалык өнөктөштөрүбүзгө ыраазыбыз»
деп билдирди Украинанын Вашингтондогу элчилиги.

АКШ 2014-жылдан бери Украинага дээрлик 1,5 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Бул жардамдардын жарыяланган максаты — Украинаны Орусиянын агрессиясынан коргоо жана украин армиясындагы реформаларга көмөк көрсөтүү.​

Бөлүшүү