Жогорку Кеӊеште жаӊыдан дайындалган беш өкмөт мүчөсү ант берди

Автор -

Жогорку Кеӊеште экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Чодуев Эркинбек Урайымович, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — министр Кылжыев Самат Аскербекович, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев Дастан Давлетович, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Опумбаев Орозбек Найманович ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине КР Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, аларга чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, аларды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Бөлүшүү