Марипов: 2018-жылы 2 млрд сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды

Автор -

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүү жыйынтыгында 2 млрд 321 млн сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды. Анын ичинде 1 млрд 621 млн сом ордун толтурууга жатса, 1,5 млрд сом ордуна коюлуп, каражаттардын кайтарымы 90 пайызды түздү. Бул тууралуу Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

«2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилди. мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 млрд 236 млн сом өлчөмүндө болду. Анын ичинде 1 млрд 791 млн сом кайра кайтарылууга тийиш. Отчеттук мезгил аралыгында бюджетке 991 сом кайтарылып, ал 55 пайызды түздү. Ал эми 800 млн сом сарамжалдуу пайдаланылган эмес. Анын ичинде 80 млн сом кайтарылууга тийиш болсо, азыр 59 млн сом ордуна коюлду»
деди Улукбек Марипов.

Аудит жыйынтыгында каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама берилгени, Өкмөткө 18 сунуштама жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

«Эсептөө палатасы укук коргоо органдарынын кароосуна 786 млн сомдук 49 материалды жөнөттү, анын ичинде прокуратура органдарына – 34 материал, ГСБЭПке – 11 материал, УКМКга – 4 материал. Алардын негизинде 7 кылмыш иши козголду, 15 материал кошумча текшерүүгө жөнөтүлдү, 12 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды, 15 материал башка кылмыш иштерине тиркелди»
деди ал.
Бөлүшүү