ӨКМдин маалыматына ылайык, Аксы районунда 16-июнь күнү Нарын дарыясына 2004-жылы туулган Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Издөө иштерине КР ӨКМден жалпы 17 куткаруучу тартылган, анын ичинен 8 куткаруучу кайык менен Нарын дарыясыаркылуу Өзбек Республикасынын аймагына өтүшүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Издөө иштери уланууда.