Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди Башкы прокуратурага жөнөттү

Автор -

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште «Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору колдоо тапты.

Жалпы 105 депутат каттодон өтүп «макул» деп 100, «каршы» деп 5 эл өкүлү добуш берди.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча — Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» катары баалап жатат.