-Токтайым эже, депутаттык комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, жоопко тартууга катуу кирише башташты. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары, чуулуу коррупциялык иштерден коомчулукгун көнүлүн алагды кылуу үчүн атайын жасалып жаткан иш экенин айтып жатышат?
— Туура айтышат. 2 жылдык мөөнөттө азыркы бийлик өзүнүн киндик атасын тепкилегенден башка эч бир көрүнүктүү иш жасаган жок. Азыр башкасын кыйратып коюшкансып, экс-президенттин кол тийбестигин алабыз деп саясий оюн жасашып, цирк коюп, элдин башын айландырып жатышат. Эгер Атамбаевдин экс-президент деген статусун ала турган болсо, анда Роза Исаковананын дагы кол тийбестигин алышыбыз керек. Анткени, ал кишиде Убактылуу өкмөттүн гана аткаруучу премьери деген документтер бар. Өткөөл мезгилдин президенти деген документтер жокко эсе. Ошондой болсо да, бүгүнкү күнү мыйзамсыз пенсия алып, экс-президент деген наамды колдонууда.
-Тийиштүү документи жок болсо, кантип экс-президент болуп жүрөт?
— Бул нерсенин баары Текебаевдин коз боё оюну гана болгон. Ошол нерсенин аркасында экс-президент деген статусту алып жүрөт. Эгер Атамбаевдин экс-президент деген статусун ала турган болсок, Отунбаеваныкын да ойлонушубуз керек.
— Атамбаевди камоо аракети эмнеден кабар берет?
– Бул нерсе бийликтин тегерегиндеги кошоматчьиардын аша чаап баратканынан жана тышкы саясаттагы коркунучтуу диверсиялык иштер башталганынан кабар берет. Ошондой эле андай иштерди орундатыш бийликтин аброюн төмөндөтүп саясий коопсуздуктун кооптуулугун күчөтөт.
-Кокус экс-президент Атамбаев камалып калса, эмне өзгөрөт?
-Атамбаев камалса, эч нерсе деле өзгөрбөйт. Бирок, саясий кырдаал оорлойт. Анткени, Кыргызстандагы чыӊалган саясий абал Атамбаевге жана Жээнбековдорго каршы сырткы жана ички күчтөргө керек. Ошондой эле мындай абал бийликтин майлуу — сүттүү жерлеринен четтетилип калган коррупционерлерге, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө жана жаӊы Кодексти диверсиялык маанисин жашырып, ал документтерди кабыл алдырган ички жана сырткы күчтөргө керек. Ошон үчүн алар кайраштырып, абалды оорлотууну максат кылып, бирин-бирине тукуруп жатышат.
-Парламент тарашы керек дегендер да четтен чыгып, коомчулукта депутаттарга ишеним артпагандардын да саны арбышы го. Парламент тарашы керекпи?
-Парламент тарап, анан жоопко тартылышы керек. Анткени, Кыргызстандын башкаруу системасын талкалаган кодекстерди ондогула деп ишке киргизбей калганы үчүн жооп бериши керек. Себеби, азыркы парламент азыр монстр кылып сүрөттөп жаткан Атамбаевден кем эмес катачылыкка жол берди. Ошондой эле парламент да өз милдетин, миссиясын так аткара алган жок. Парламент акыркы мезгилде президенттин, президенттин аппаратынын оозун карап, ошолордун айтканын аткарган кол балага айланып калды. Ошон үчүн реформа кечеӊдеп, парламент кылчу ишти президенттин аппарат башчысы уюштурган комиссия ишке ашыра баштады. Бул абдан уят иш.
-Азыркы бийлик мактоого татырлык иштерди жасай алдыбы?
-Ачыгын айтсам, азыркы бийлик Атамбаевге асылып, аны каралап, туш тараптан сындыруу аракетин жасагандан башка иш деле жасашкан жок. Керек болсо, мамлекетти өнүтүрүү үчүн инвестиция да тарта алышкан жок. Бар болгон, кыйраткан иши элди чөктүрүп мамлекеттик бийликти чөгөлөткөн диверсиялык кодекстерди кабыл алып, аны ишке киргизишти.
Азыр эл анын пайдасынан зыяны көп экенине ынаныш, не кылар айласын таппай отурат. Азыркы күндө ар бир үйгө З0-40миӊ сомдон далилсиз айып пулдардын көчүрмөлөрү келип, кантип төлөөрүн билбей жатышат. Өкмөт айып пулдарды карайбыз дешкени менен жарытылуу жыйынтык чыгара элек. Элдин кыйналганы, не кылар айласын таппай карайлап турганын ойлонгон жан жок. Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин катачылыгын оӊдоп жатат, укмуш иштеп жатат дегендер болгону менен ал деле мамлекеттин геосаясатын жана экономикалык абалын кыйратып, оӊдой алган жок.
Бүгүн аны камайм, муну камайм деп ооз толтуруп эмес, ойлонуп иш кыла турган мезгил келди. Кыргызстанда турмуштун оордугунан биздин кыздар, жаштар сыртка чыгып кетип, башка мамлекеттерде эӊ бир оор иштерде иштеп жатышат. Өкүнүчтүүсү, жаштар эмес апалар да кайтып келишкен жок. Жарандарыбыздын коопсуздугун, келечегин ойлогонду унутуп, биз болсо териштирүү жана бири бирин куугунтуктаган саясий чечимдер менен алек болуп, ММКалар аркылуу калп аралаш согуштун ортосунда калдык. Эми президент акылдуу болсо, тирешти токтотуп, мамлекетти көтөрүүнүн реалдуу кадамдарына барса болот эле.
Булак: «Ачык саясат» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.