Салык кызматы «Чалдыбар» контролдук-өткөрмө пунктунан 45 тонна унду жана 8,6 тонна коонду алып келүүдөгү бузууларды аныктады.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ушул жылдын 20-июну түн ичинде «Чалдыбар автожолу» кыргыз-казак чек арасынан өлкөгө тийиштүү документтери жок жалпы 8,6 тонна коон алып келе жаткан беш машинаны аныкташты.
Мындан тышкары, башка импорттоочунун автоунаасында коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтар менен ташып келинип жаткан ундун иш жүзүндөгү сорту дал келбегендиги аныкталган, тактап айтканда, 1-сорттогу 45 тонна ун алып келингендиги көрсөтүлсө, иш жүзүндө жогорку сорттогу ун алып келингендиги текшерүүдө аныкталган.
Бузуулар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдыбар автожолу» контролдук-өткөрүмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунда ишке тартылган КР Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.
Ар бир укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.