Пенсионерден пара алып жаткан соцфонддун кызматкери кармалды (видео)

Автор -
251
[ads-quote-center cite=’деп билдирди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы.’]«Социалдык фонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары өзүнүн кабинетинде пенсионерден 10 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды» [/ads-quote-center]

Маалыматка ылайык, ал пенсия чегерүү үчүн документтерди жасоо үчүн акча сураган. Ал жалпы 22 миң сом талап кылган. Кармалган учурга чейин ал 13 миң сом алган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-июнда сот анын бөгөт коюу чарасын карайт.