Башкы прокуратура экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин кароого киришти

Автор -

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин корутундусун карай баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура бул боюнча канча убакытта чечим кабыл алаары азырынча белгисиз. Парламенттин экс-президенттин макамы жөнүндөгү корутундусу Башкы прокуратурага 20-июнда келип түшкөн.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү