Атамбаев: Болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм

Автор -

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу чындыкты убагы келгенде Батукаев өзү сүйлөп берет деп ишенет. Бул тууралуу Атамбаев 26-июнда тараткан билдирүүсүндө айтты.

— Мен ошондой эле бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.

Ал азыркы саясий жагдай тууралуу да пикирин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги туура эмес жолду тандап алганын, оппоненттерге жөнү жок көө жаап жатканын белгиледи.

Атамбаевдин билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбукка» жарыялады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 25-июнда Жогорку Кеңеште билдирген.

Бөлүшүү