Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
[ads-quote-center cite=’деди Жамшитов.’]»Бул иш учурда Аскер прокуратурасынын тергөөсүндө. Жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин далилдеген бир нече факт бар. Алар «Коррупция» беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыштын курамына кирет»[/ads-quote-center]Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.
Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.
Ушул тапта Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени карап жатат.