Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган

Автор -
Сүрөт: president.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

«Бул иш учурда Аскер прокуратурасынын тергөөсүндө. Жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин далилдеген бир нече факт бар. Алар «Коррупция» беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыштын курамына кирет»
деди Жамшитов.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени карап жатат.

Бөлүшүү